Коом

Алтынбек Сулаймановдун талап-тоноочулук башталат деген сөзүнө ИИМ жооп берди

Учурда ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө, эч кандай тартип бузууларга жол берилбейт  деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов оор күндөр келе жатат, магазиндерди тонойт, кылмыштуулук өсөт деп жогорку трибунадан айтканы эч кандай чындыкка жатпайт. Биз бардыгыбыз коомдук тартиптин сакталашына жооптуу экендигибизди унутпайлы.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо жана коронавирус илдетинин тарап кетпешин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тиртипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүү багытында ыкчам ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келет.

Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда блокпосттор коюлуп, өзгөчө маанилүү объекттер толугу менен коргоого алынды. Андан сырткары убактылуу кармоочу жайдагы кармалгандар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана жашы жете электер арасындагы укук бузуучулук жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды көрүүдө.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери аэропорттордо, темир жол бекеттеринде жана өткөрүү пункттарында фильтрациялоо иш-чараларына катышып жатышат. Коомдук тартипти сактоого тартылган кызматкерлер медициналык бет каптар, кол каптар, дезинфекциялоочу жабдыктар менен камсыздандырылган.

Аймактык бөлүмдөрдө каражаттар менен керектелүүчү күчтөр эсептелип, фильтрациялык блокпосттор жана участкалар, обьектилер аныкталып такталган.Эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыкчам кызматкерлер тарабынан жалган жана чагымчыл ушактарды, такталбаган маалыматтарды тараткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу иштери уланууда. ИИМ дагы бир жолу эскертет, жалган провакациялык жалган такталбаган маалыматтарды таратуудан жана сүйлөөдөн карманууга чакырат. Коомдук тартиптин сакталышы боюнча ИИМ бардык чараларды көрөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button