Дүкөндө сатып алуучу жөтөлгөндүктөн 35 миң долларлык азык-түлүктү жок кылууга туура келди
Эми бул ишти прокуратура карап жатат. АКШнын Пенсильвания штатынын Хановер шаарындагы супермаркеттин жетекчилиги дүкөнгө кирген сатып алуучу жөтөлүп койгондуктан 35 миң долларлык азык-түлүктү жок кылууга мажбур болду.
Түштөн кийин дүкөнгө баш баккан аял, ун азыктарынан жасалган продукцияларга, эт жана башка азыктар турган жерге барып атайын жөтөлгөн.
АКШда кабыл алынган коопсуздук эрежелери боюнча жаңы нормаларга ылайык, супермаркеттеги бардык товарлар жок кылынышы керек. Себеби, анын айрымдарына аял жөтөлгөндө шилекейи жабышып калышы толук мүмкүн. Супермаркеттин жумушчулар имаратты толугу менен жууп-тазалап да чыгышкан.
Жаман ниети бар аял тууралуу дүкөндүн кызматкерлери полицияга айтышкан. Алар келип кармашкан. Белгилүү болгондой бул аял буга чейин бир нече эреже бузганы үчүн кармалган. Врачтар эми анда коронавируска карата анализ ала турган болушту.
Abal.kg



