Дүйнө

100 миллион киши көз жумган “испанкадан” аман калган 101деги карыя коронавирустан да айыкты

Өтө жакшы кабар. Европадагы пандемиянын чордону болуп турган Италиянын Римини шааарындагы оорукандан 101 жаштагы чоң ата коронавирустан  айыгып чыкты, деп,  шаардын мэри Глория Лисиге таянып,  CNN билдиргенин, Wonderzine.com.  маалымат порталы кабарлады. Лиси муну «чыны менен эле ойго келбес окуя» деп баалады.

Кылым аша жашаган карыя ооруканда бир жума гана жаткан. Ал адамзаттын тарыхында “испанка” деген ат менен белгилүү болгон, бир жарым жылдын  ичинде  (1919-1920-ж.) дүйнө жүзүндөгү 550 миллион адамга жугуп (планетанын 29,5%), 50 миллиондон 100 миллионго чейинки адамдын өмүрүн алган, испан гриппи күчөп турган 1919 -жылы туулган. “Испанкадан” Италиядан эле 600 миң киши курман болгон. Бул массалык апаатан аман калган ымыркай, кийин Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, андан да үйүнө эсен кайтып келген. Эми,  «Мистер Пи» деген ат менен белгилүү болгон бул пациент, вирустан сакайып чыгып үй-бүлөсүнө барды.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button