Окуялар

Фейсбукта элди бөлүп-жарган “Аруузат Токо” аттуу колдонуучу УКМКда сурак берди(видео)

Өзүн  фейсбук баракчасына “Аруузат Токо”  деген ат менен тааныштырып, элди бөлүп жарууга үндөп жүргөн  аял кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык ал бир эмес, бир нече жолу элди козуткан жана бөлүп жарган макалаларды жазып жүргөн эле. Укук коргоо кызматкерлери учурда суракка алып жатышат.  Ага “аймактар аралык жана диний бөлүп жаруу”-деген берене коюлуп кылмыш иши козголду. Бул кылмыш иши боюнча атайын экспертиза дайындалды. Тергөө иши уланууда.

Ал тергөө учурунда  “Мен  Аруузат Токо  деген логиндин ээси болом.  Мен эч убакта элди бөлүп, түндүк түштүк деп жазган эмесмин.  Мени туура эмес түшүнүп алганы үчүн баардык кыргыз элинен ошол эле фейсбуктагылардан кечирим сурайм. Мен элди эч качан бөлбөйм. Ушундай иш болуп, эл кыйналып жаткан учурда Кыргызстанды жаман жакка сүйрөй турган адам эмесмин. Мен  элди биримдикке чакырып гана постторду жазып олтурганмын. Мени туура эмес түшүнүп алган элден кечирим сурайм”-деди.

УКМК  коомчулукка пикир жазууда элдин этият болуусуна чакырат.

https://youtu.be/-PZIZVq1Db0

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button