Саясат

Вице-премьерлик кызматка сунушталган Аида Исмаилова ким? Өмүр баяны

Кызматтан кеткен өкмөт мүчөлөрүнүн ордуна жаңы талапкерлердин сунушталууда.  Ага ылайык, Алтынай Өмүрбекованын ордуна,  Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика – Ата-Журт” фракциясы) Аида Исмаилова  вице-премьерликке сунушталды.

Аида Исмаилова социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин мүчөсү. 2016-жылдан бери Корея Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси. Көп учурда саламаттыкты сактоо, аялуу топторго социалдык жардам көрсөтүү маселелери көтөрүп келет.

Аида Исмаилова тууралуу:

-1976-жылы 17-декабрда Фрунзе шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

-Атасы Исмаилов Жекшенбай көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенип келген, ал эми апасы Ургазиева Кузип балдарды тарбиялоо менен алектенет.

-Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. 1994-жылы Бишкектеги №62-мектепти бүтүргөн.

-1994-1999-жылдары БГУда Чыгыш таануу адистиги боюнча Корей экономикасы факультетин бүтүргөн.

Эскерте кетсек, Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтарынан бошотту.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button