Ооганстанды башкара турган Хайбатулла Ахунзада деген ким? Өмүр баяны

Хайбатулла Ахунзада 1961-жылы Ооганстандын Кандагар провинциясында туулган.
Динди молдо атасынын жетекчилиги астында окуган.
Ахунзада 1979-жылы ооган согушу башталгандан кийин үй-бүлөсү менен Пакистандын Кветта шаарына качып кеткен. Ал жерде диний окуусун улантып, кийин медреселердин бирин жетектеген.
1980-жылдары Ооганстанга кайтып келип, советтик армияга каршы согушкан.
Ахунзада “Талибан” кыймылына 1994-жылы кошулган. Ал убакта талибтер Иран менен чектеш Фарах провинциясын басып алышкан, Ахунзада анда «кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн жооптуу» адам болуп калган.
1990-жылдардын аягында Кандагарга келип, медреселерде жана хужр тармагында молдо жана мухтасиб болгон.
2001-жылы АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстанга киргенден кийин Ахунзада “Талибан” кыймылынын аалымдар кеңешинин башчысы болгон.
Кийинчерээк — Ооганстан Ислам Эмиратынын Шариат сотунун башкы казысы, ошондой эле молдо Омардын кеңешчиси болгон.
2015-жылы Ахунзада “Талибан” кыймылынын лидеринин орун басары болгон.
2016-жылдын 25-майында Хайбатулла Ахунзада “Талибандын” жогорку командачысы жана лидери болуп дайындалган.
Ошондон бери Ахунзада эл алдына чыккан эмес, ЖМКлар анын өлгөндүгү тууралуу бир нече жолу жазышкан, бирок бул расмий тастыкталган эмес.
2021-жылы май айында Ахунзада ооган элин америкалык аскерлерди чыгарууга жана ислам мамлекетин түзүүгө чакырган.
Ахунзаданын командачылыгы астындагы “Талибан” күчтөрү согушта биротоло жеңишке жетүү үчүн масштабдуу чабуулдарга өтүп, ушул жылдын 15-августунда Кабулду ээлеп алган.
1-сентябрда Хайбатулла Ахунзада ооган өкмөтүн жетектей турганы белгилүү болду.


