Адис: Дүкөн, дарыкана, май куйчу жайдан вирусту жуктуруу коркунучу чоң
«Азыр биринчи кезекте дүкөнгө, дарыканага жана май куючу жайларга баргандарда коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу чоң», деп айтты «Звезда» телеканалына, жогорку категориядагы врач Владимир Зайцев. Бул туурасында4- апрелде РИА Новости маалымдады.
Азык-түлүк алганы чыкканда сактануунун бардык чараларын сактоо керек деп айтты адис.
«Азыр бир жолу кийилчү целлофан мээлейлерди берип жатышат. Өзүңөрдүн эле резина мээлейиңер менен келип, азык-түлүк дүкөнүндө соода кылып бүткөнгө чейин чечпей жүрө берсеңер болот», — деди ал.
Жуктуруп алуу коркунучун минималдаштыруу үчүн дистанция сактоону (1,5 метр) жана акчаны колмо-кол бербей турган жагын тандап алууну, ошондой эле шлангды колго албай турган май куючу жайларды пайдаланууну сунуш этти Зайцев.
Эскерте кетсек:
-пластикте (целлофан баштык, целлофан орогучтар, целлофан мээлейлер, контейнерлер, акча төлөөчү карталар ж.б.) — вирус 5 күн;
-кагазда (картондо дагы), резинада, темирде, айнекте — 4 күн;
-акчада — 3 күн;
-абада — 3 саат жашайт.
Дезинфекциялоочу каржаттар: самын, этил спирти, хлор.
Коронавиурс Россияда:
-жуктурганы — 4 731;
-каза тапканы – 43;
-айыкканы – 333.
Abal.kg



