Коом

Быйыл Бишкек – Ош унаа жолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда оңдоо иштери жүрөт

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 130–146-чакырымдар (16 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.

Мындан тышкары, Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунан Тоо-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80–139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду.

Министрликтен белгилешкендей, аталган парапеттер Бишкек – Ош унаа жолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button