Маданият

“Эки кем акылды кечирчи”. Ксения Собчак атактуу актердон аргасыз кечирим сурады

Менин тилим – менин душманым. Башкача айтканда, адам баарын тилинен табат. Тележурналист  Ксения Собчактын шоумен Гудковдон алган интервьюсун ушинтип айтса жарашат. Адегенде шоумен журналистканы ыйлатканга чейин жеткирет, а андан кийин, көрсө  84 жаштагы атактуу артистти “өлтүрүп” салыптыр. Тилекке жараша ал актер аман-эсен. Эки “кем акылдын” акылга сыйбаган циничный келесоо тамашасы ушундай.

Ксения Собчак жакында эле Александр Гудковдон интервью алган. Соцжеледе интервьюнун биринчи бөлүгүнүн аягы эффективдүү бүткөнүн баалоого үлгүрүштү – Гудковдун жосунсуз тамашасына таарынган журналистка шоумен эмне үчүн аны мынчалык шылдыңдап атат деп, ыйлап ийди.  

Шоумен Гудков

Көрсө, бул ыйлуу финалдан башка да интервьюда  юморго таптакыр тиешеси жок кызыктуу учур бар экен. Гудков юморго карата өзүнүн жеке мамилесин айтып жатып, катуу тамаша деген кандай болоору тууралуу да сөз козгоп ийген.Өтө жаман нерсе болсо атса да аны тамашаламайын тура албасын айткан. Бул эми  организмдин табигый коргонуучу реакциясы да.

Ага өз коллегасын мисал келтирген: «Ваня Ургант деле ошондой. Ал мемориумдарды (некрологдун бир формасы) жазып атканда күлкүсү тыйылбайт.  Анткени андай абалда ал өзүн олуттуу кармай албайт. Баса Гафт өлдү, биз муну (интервьюну) бүткөндөн кийин, сөзсүз мемориум жазып коюшубуз керек».

Бир сутка өткөндөн кийин Собчак минтип пост жарыялап атат: «Кечээ менде күлкүнүн   истерикасы болду. Кечинде мага ачууланып Ваня Ургант чалды: эмне үчүн Гафты көөм атасыңар? Аныңар аз келгенсип мени да өзүңөргө кошуп алыпсыңар!»

Атактуу актер Валентин Гафт

Ксения телеалыпбаруучунун (Урганттын) жана өзүнүн интернет баракчасына жазылгандардын (подписчики), ошондой эле 84 жаштагы актердун алдында актанууга аргасыз болду:«Эмне деп айтам? Эки кем акыл — күч экен! Болуптур  Гудков бул драмалык тарыхты жөн айтса бир жөн, а мен аны акылдуу кебетем менен кубаттап жатпайымбы. Валентин Иосифович! Аман жүргөнүң үчүн рахмат! Биздей эки кем акылды кечирип койчу!»

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button