Пайдалуу кеңештер

Коронавирус суу аркылуу жугабы? А ысыкта канча жашай алат?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) коронавирус суу аркылуу да жугат деген имиш-имиштерди жокко чыгарган. Кеп бассейиндеги суу эмес, кадимки эле квартиралар менен үйлөрдөгү чоргодон агып жаткан суу жөнүндө кетип жатат. Бул туурасында Gorvesti (городские вести) маалымат порталы билдирген.

ВОЗдун расмий сунуштарында фильтирлөө жана хлорлоо коронавирусту жашоого жөндөмсүз кылат (инактивирует) деп айтылган.

Ал  түгүл ачык асмандын алдындагы көлмөлөрдө да вирусту жуктуруу дээрлик мүмкүн эмес. Бул жерде вирусту эмес бактериалдык инфекцияларды жуктуруу коркунучу чоң.

Бирок бассейндер ден соолук чыңдоочу ири борборлордо жана фитнес-клубдарда жайгашкан. А бул болсо кийим чечүүчү жайларга кирүүгө, шкафтарды ачууга-жабууга, гардеробдо номер алууга ж.б. кол тийе турган учурлар бар экенин эстен чыгарууга болбойт. Мындан тышкаары нымдуу чөйрө вирустун көбөйүшүнө өтө ыңгайлуу болуп саналат. Андыктан Бассейндин душунда, бортунда ж.б. жайларда вирусту жуктуруу коркунучу өтө жогору.

Ошондой эле вирус күндүн нурунда жашай алабы деген да суроо бар.

Ультрафиолеттин таасирине коронавирус туруштук бере албайт – күндүн нуру аны өлтүрөт. Кандай гана вирус болбосун, анын ичинде COVID-19 ысыкка чыдамдуу эмес. Ысык +37 градус болсо, короновирус   2 күн, +56га жеткенде 30 минут жашай алат. А кокус температура +70 болгондо беш минутта жок болот.

Бирок, вирус аба аркылуу чачыроо (шилекей, чүчкүрүк менен) жолу менен жугаарын унутпаш керек. Ал тургай, илдетке чалдыккан адам менен жакын контакта болгон учурда аны жугузуп алуу коркунучу бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button