Коом

Нариман Түлеев коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге квартира берүүнү убада кылды(видео)

Экс-мэр, экс-депутат, коомдук ишмер Нариман Түлеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына элге видео-кайрылуу жасады. Ал:

“Урматтуу мекендештер, урматтуу биздин жарандар! Ушундай өлкөбүздөгү кыйын кырдаалда, изоляцияда отурганда, баардык экономика токтоп турганда биздин медиктерге ыраазычылык билдиргим келет. Биздин саламаттыгыбызды сактап турган медиктерибиз бар экенине ыраазыбыз. Бүгүнкү күндө алар бардык кыйын шартта экенине карабай алдыңкы катарда турушат. Ошондон улам аларга ыраазычылык иретинде Бишкектин борборунда бир бөлмөлүү батирди ремонту менен  жаңы салынып жаткан үйдөн медиктерге берем. Ошондуктан биздин куруучуларга кайрылаарым, урматтуу кесиптештер келгиле жардам берели!” деп айтты.

https://youtu.be/zUGeaa46JE8

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button