Бишкекте 2-октябрда жумуш жана карьера жарманкеси өтөт

100дөн ашык алдыңкы компаниялар болжол менен 5000 бош орундарды көрсөтөт.
2025-жылдын 2-октябрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору менен биргеликте 2025-жылдын 2-октябрында өтө турган “Бош орундар жана карьера жарманкесин” уюштурууда.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, жарманкеге 100дөн ашык алдыңкы компаниялар катышып, учурдагы бош орундарын сунуштап, муну менен жарандарга иш берүүчүлөр менен түз маектешүү аркылуу ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жарманкеге жалпысынан Бишкек шаары боюнча 5 миңге жакын бош орундар коюлат. Тренинг провайдерлери ошондой эле борбор калаанын тургундарына жана конокторуна өздөрүнүн окуу программаларын тартуулашат.
Иш-чаранын алкагында жаштар, мектеп бүтүрүүчүлөрү жана башка каалоочулар кесиптик багыт берүү тестинен өтүшүп, өздөрүнүн күчтүү жактарын жана жөндөмдөрүн аныктап, келечектеги кесибин тандоого жардам берет.
Бош орундар жана карьера жарманкеси Бишкек шаарында гана эмес, Кыргыз Республикасынын бардык райондорунда өткөрүлүп, жарандарга максималдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ишке орношууга бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрү белгиленген.
Бишкекте өтүүчү күнү жана убактысы: 2-октябрь, саат 11:00.



