Мугалимдин кызы неге жанын кыйган?

Чүй облусунун Сокулук районундагы мектептеринин биринде үзүрлүү эмгектенген мугалимдин өспүрүм курагындагы кызынын жанын кыйгандыгы, бардык айлана-чөйрөдөгүлөрдү дүрбөлөңгө салган. Апасы менен ал кайгылуу окуя тууралуу маектештик.
-Саламатсызбы, Лена! Биринчиден, биз сиздин өмүрүңүздөгү эң оор окуяны кайра баштан эстеп, аны бизге айтып берүүңүздү өтүнгөнүбүз үчүн кечирим сурайм. Албетте, эне үчүн ай-мончоктой кызынан айрылуу оңой эмес. Бирок сиздин окуянын мисалында, ушуга окшош кайгылуу окуялар кайталанбасы, башкаларга сабак болушу үчүн, биз ушул көйгөйлүү теманы изилдеп жатабыз. Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардыгыбыз бирге аракет көрөлүк. Эгер сиз даяр болсоңуз суроолорду берсем:
-Кызыңыз кырсыктаганда өспүрүм куракта беле?
— Ооба, менин кызым кырсыктаганда 13 жашта болчу. Ал күндү эскерүү мен үчүн өтө оор. Кызым өзү жайдары, бардыгы менен тил табыша алган өзгөчө жан эле. Чоңойгону таарынчаак болуп, бирок бат эле жазылып күлүп калчу. Бирок мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Тилекке каршы ушундай кырсык биздин үй-бүлөдө болуп кетти.
— Сиздин оюңузча анын мүнөзү кырсык болоордун алдында өзгөрдү беле? Мектептеги жетишкендиктери кандай эле?
-Аны чынында, мен убагында байкабай калыпмын. Кызым сабактарын бешке окучу. Бийге барчу, адабият, тарых сабактарын кызыгып окуур эле. Бир жолу, идиш жуубаганы үчүн тилдеп койдум: “Чонойдуң! Кыял — жоругуңду оңдобойсунбу!” — деп. Тилдебей койсом болот беле…
Анан да жыл аягында классташ кызы менен болгон окуяны эскертти.
Бир жолу дене тарбия сабагынан классташ кызы: ”Сенин боюң кыска, эмнеге менден өйдө туруп алдың?”- деп айтыша кетишет. Ал кыз кызыма угулгудай кылып жаман сөздөр менен сөгөт. А кызым ал кыздын өзүнүн айтканын өзүнө үнүн чыгарып айтканы үчүн чоң “разборка” кылышып, “мугалимдин кызы” дегенге чейин барышкан. Ошондо ал окуяны жүрөгүмө жакын албай, болгону кызымды колдосом болмок экенин кеч түшүндүм. Эң ириде ал бала эле да. Өзүмө сөз тийгенге эле капа болбой, баланы колдошум туура болмок тура. Ал окуяда классташтары да, класс жетекчиси да кызымды күнөөлөшкөн. Канча бир убакыт өттү, мектептеги окуя эки окуучунун айтышып кеткен кичинекей болоор-болбос чатагы экен. Мугалими аны ырбатпай эле, кыздар менен чогуу тарбиялык ишти жүргүзүп, сыртка чыгарбай, жеринен чечип койсо болмок дейм.
-Кыз кырсыкка учураган мезгилдеги үй-бүлөлүк акыбалды айтып бересизби?
— Үй-бүлөбүздө көптөн бери тынчтык жок эле. Жолдошумдун ал учурда катуу ичип жүргөн кези. Ичкиликтин айынан уруш, жаңжал. Чындыгында үй-бүлөлүк акыбалыбыз начар болчу. Көрсө баланын психикасына ушунун баары таасир этет тура. Мектепте тиги болсо, үйдө бул…
-Жанын кыйган өспүрүмдүн ата-энеси психолог, психиатр сыяктуу адистерге кайрылуусу керекпи? Жабыркаган аң-сезимдеги ата-эне баласына туура тарбия берип, туура багыт бере алабы?
— Албетте, психологдун жардамы керек. Балага эле эмес, ата — эненин өзү дагы психологдун жардамына муктаж деп ойлойм.
-Сиз мектепте көп жылдан бери эмгектенип келе жатасыз, окуучулардын жанын кыюуга бара турган кыймыл аракеттерин байкаган учурлар болду беле?
— Мектепте 23 жылдан бери иштейм. Ар бир баланын мүнөзү ар башкача, бири эч ким менен сүйлөшпөй ойлонуп жүрсө, айрымдары агрессивдүү, урушчаак болуп кетишет. А менин кызым шашып эле бир ордунда турбай, айылга 3-4 жолу барып келди эле. Ошондуктан мектеп, көр оокат деп жүрө бербей балдарга көп көңүл бөлүш керек экен. Ата-энелер көбүнчө, балдарга материалдык жактан жеткиликтүү көңүл бөлсөк жетиштүү дейбиз. Бирок бул жетишсиз. Бала мээримге, көңүлгө, колдоого муктаж.
-Сиздин оюңузча балдардын, өспүрүмдөрдүн жан кыюусун токтотуу же алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек? Мектептерде психолог адистин иш алып баруусу зарылбы? Биздеги “психолог” же “психиатр” адистерине барып жардам алалы десе эле: “Мен псих эмесмин!” “Мен андай адиске барганга муктаж эмесмин!”- деген сыктуу жат көрүнүштү кантип токтотсо болот?
— Кырсык болбош үчүн ар бир мектепте психолог болушу абзел. Окуучу, ата-эне менен алдын ала психолог иштесе суицидге жол жок болмок деп ойлойм. Соцпедагогдун психолог болушу бардыгына жакшы жардам болот беле. Өзөчө өспүрүмдөрдүн ички кабыл алуусу, ошол куракта өзгөчө сезимтал болот экен. Менин башыма түшкөн кайгыдан эне катары, мугалим катары чоң сабак алдым. Балким, менин кызым, өзүнө көңүл бурдуруу максатта, коркутуп коюу үчүн эле ушундай кадамга барды. Өлүм эмне экенин түшүнбөй, балалык кылды да…
Урматтуу, ата-энелер, мугалимдер, менин кайгылуу тагдырым силерге да сабак болсун. Эч качан адистерге кайрылып жардам сурагандан тартынбаңыздар. Мен бул ойлордун баарын өзүм адистин кеңешин алган адам катары айтып жатам. Балким, бул маалыматтарды мен эрте билгенимде, мындай кырсык болбос беле…
Эч кимдин үйүндө кырсык болбосун! Баарыңыздарга ынтымак, ырыскы, бейкутчулук каалайм! Өзгөчө карантин учурунда баладан мээримиңерди аябагыла!
P.S. этикалык себептер менен мугалимдин аты өзгөртүлдү.
Шилтемеде психологдун кеңеши бар, кирип пайдалуу маалымат алыңыз: http://kutbilim.kg/kg/2020/04/25/karantin-ubagynda-j-b-l-d-baldarga-karamduu-bololu/
Айнура Майрамбек кызы
Апрель 2020-жыл.