Саясат

Карамушкинанын динчилдерди күнөөлөгөнү депутаттарга жакпай калды

ЖК депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстанга коронавирус илдетин кичи ажыга баргандар алып келгенин белгилеп, аларды текшербей, үйлөрүнө таратып жиберген мамлекеттик кызматкерлерди да шалаакылыгы үчүн жоопко тартуу маселесин көтөрдү.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев март айында Сауд Арабиясы илдеттин очогу деп саналган өлкөлөрдүн катарында болбогонун, ошондуктан ал жактан келгендер милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди.

Карамушкинанын сөзүнөн кийин бир нече депутаттар “Карамушкина ооруну умрага баргандар алып келди деген сөзү үчүн жооп берсин” деген талаптарын коюшту. Ирина Карамушкина аларга жооп берүүгө аракеттенген учурда депутаттын микрофону өчүрүлдү.

Бүгүн, 30-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү өзгөчө абал шартындагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button