Шапке менен жоолук коронавирустан сактайт. Врачтын айтканы

Коронавирусту жуктуруп алуудан сактаныш үчүн адамдарга беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты кармоо (1,5 — 2 метр) сыяктуу эрежелерди сактоо керек экенин тынымсыз айтып жатышат адистер. Ал эми күн жылуу болуп калганына карабастан дүкөнгө же аптекага чыкканда, илдетти жугузуп алуу коркунучун азайтууга кадимки эле шапке жардам берет, дейт адистер. Бул туурасында 4-майда “Комсомольская правда” кабарлады.
Медициналык илимдердин доктору, профессор Николай Жуковдун сөзүнө караганда, баш кийим вирустун чач менен контакта болуусунан сактоого олуттуу жардам берет.
— Албетте, сыртка кийип чыга турган кийимиңиз жападан жалгыз болбогону абзел. Анткени кайтып үйгө келгенде, аны алыс бир жерге, бир-эки күнгө илип коюшуңуз керек. Мисалы, балконго. Эгерде баш кийим чачыңызды жабууга жардам берсе, анда мунун мааниси чоң. Демек, бул жагынан алганда тумактар, шапкелер, бир жайлам жоолуктар – артык баштык кылбайт, деп айтты врач, kp.ru.маалымат агенттигине берген интервьюсунда.
Андан тышкаары адис, кокус кимдир бирөө сиз тарапты карап жөтөлсө, же чүчкүрсө, кийим вирустун түзмө-түз жугушуна тоскоол болот. Инфекция кандайдыр бир убакытка чейин кийимде сакталып турат, андыктан ал коркунуч жаратат. Ошон үчүн кийимди жууп салган оң, деп айтты врач.
Abal.kg