Пандемия. Коронавирустун 2-3-толкуну башталышы ыктымал. Эксперттин эскертүүсү

Роберт Кох институтунун президенти Лотар Вилер коронавирустун жаңы толкуну башталаарын эскертти, а түгүл бул толкун үч жолу кайталанаарын да айтты. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.
“Дүйнөдөгү окумуштуулар бул вирустун экинчи толкуну, а түгүл үчүнчү толкуну да кайталанаарын айтышууда. Андан тышкары дагы бир окумуштуулар тобу бул толкун күзүндө башталаарын эскертишти. Негизи бул коронавирус азыр жер жүзүндө дагы бир ай жашашы күтүлүүдө. Биз дагы бир ай ушундай карантин ыкмасында жашайбыз”,- деди ал Берлинде өткөн брифингде.
Вилер буга чейин март айында эле “пандемия ар кандай толкундар менен өсөт” деген маалыматты айткан. Дүйнө жүзүндөгү эпидемиологдор пандемиянын экинчи толкуну да болоорун айтышууда.
Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемияга айланганын эскерткен болчу. Ал эми учурда дүйнө жүзү боюнча 3 миллиондон ашык адам жуктуруп, 208 миң адам ушул илдеттен каза болду.
Abal.kg