Генерал-майор И.В. Панфиловдун үзөңгүлөшү ысык-көлдүк полковник Асанакун Рысмендеев

Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш күнүнүн 75 жылдыгынын келиши менен согушта баатырларча эрдик көрсөтүп, мекен үчүн курман болгондорго жана өмүр насип этип асман тиреген Ала-Тоосуна, эл-жерине аман кайткан аталарыбызга башыбызды ийип, ичибиз жылып эскеребиз.
Дал ушундай Ата-Мекен үчүн жанын берген чоң атам Мамбетакундун иниси Асанакун ата жөнүндө эскерип, жаш муунга ал улуу адамдын тагдыры өрнөк болооруна тилек кылып, Рысмендеев Асанакун ата жөнүндө айтып бергим келди.
А. Рысмендеев 1911-жылы Жети-Өгүз районундагы “Жалгыз-Өрүк” айлында туулган. Санжырага кайрыла кетсем – “Беш Дөөлөс” деп аталган “дөөлөс” уруусу жердеп калган беш айылдын бири ушул “Жалгыз-Өрүк” айылы.
Асанакун Рысмендеев бир жашка чыга элегинде атасынан, беш жашында энесинен ажырап тоголок жетим калат. Ал заман 1916-жылдагы Үркүндөгү оор мезгилге, орус көпөстөрүнүн эзүү учуруна туш болот. Ошол кезде агасы Мамбетакун баланы колуна алып, айылдын башталгыч мектебинин 3-классын бүтүртүп, 1921-жылы Асанакун менен Абды инилерин Каракол шаарындагы мурдагы орус-тузем мектебинин негизинде түзүлгөн жатак мектебине кийирет. Жатак мектебинде 1928-жылга чейин тарбияланып, 1928-жылы Каракол кантонуна караштуу Жети-Өгүз волостунун кедей-дыйкан балдарынын мектебине которулат. Ал мектепте бир жыл окуп, 1929-жылы Ысык-Көл зоотехникумга которулуп, аны 1932-жылы эң жакшы окуп бүтүрүп, ошол эле техникумда мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1932-жылы ВКП (б)га партиянын катарына өтүп, ошол эле жылы Кыргыз обкомунун Ленинчил жаштар союзунун аппаратына чакырылып, мал чарба секторунун башчысы болуп иштейт. 1933-жылы Ленинчил жаштар союзунун Нарын райкомунун секретарлыгына дайындалат. Бул жерден Асанакун Рысмендеев жаштардын кат-сабатын жогорулатууда жана аларды жигердүү ишке тартууда көп эмгек сиңирет. Ал жерден Кызыл Армиянын катарына чакырылып командирлерди даярдоочу мектепти бүтүрүп, 1934-1936-жж. жаңы уюшулган кыргыз атчандар полкунун комсомол уюмунун бюросунун секретары болуп иштейт. 1936-жылы дивизиянын саясий бөлүмү тарабынан Ташкенттеги Ленин атындагы аскердик саясий окуу жайына жиберилет. Бул жерде да Асанакун Рысмендеев жогорку аскердик мектептин партиялык уюмун жетектеп, Ташкент шаарынын VIII-партконференциясына делегат болуп шайланат. Ушунун бардыгы А. Рысмендеевдин партиянын койгон талаптарын абийирдүүлүк менен аткарган, ишенимдүү, иш билги, күжүрмөн жоокери болгондугун айгинелеп турат.

1938-жылы августта Ташкенттеги аскердик-саясий окуу жайды ийгиликтүү аяктап партиялык ишке биротоло өтөт. Адегенде Жети-Өгүз райондук партия комитетинин үгүт жана насыят бөлүмүн жетектеп, 1939-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине чакырылып аскер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан соң башчысы болуп кызмат өтөйт. Эмгекчилерди аскерий–патриоттук духта тарбиялоого кошкон чоң салымы үчүн ал 1941-жылдын февралында СССРдин “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланат. Бул кызматта ал кажыбас кайратын, алган билимин бүтүндөй жумшайт. Легендардуу генерал-майор И.В. Панфилов менен биргелешип иш жүргүзөт. Генерал-майор И.В. Панфилов менен үзөңгүлөш Ысык-Көлдүк полковник Асанакун Рысмендеев көңүлдөрү өтө жакын курбулардан болуп калышат. 1941-жылдын март айында А. Рысмендеев Кыргызстан КП БКнын секретарлыгына шайланат. Бул жогорку, өтө жооптуу мамлекеттик кызматка келген кезде ал болгону 29 гана жашта эле.
1941-жылдын 8-июлунда А. Рысмендеев Улуу Ата-Мекендик согушка чакырылып ага атчандар полкунун комиссары, улук саясий жетекчиси жоопту аскерий иш жүктөлөт.
Карамагындагы жоокерлерге сергек мамиле кылып, катардагылар менен тең эң алдынкы чекте жүрүп, бир нече жолу жарадар болсо да өзүнүн комиссарлык милдетин эч кимге жүктөбөй эки эселенген кайрат менен каармандык күрөшүн уланта берген А. Рысмендеев Москваны коргоодо чыныгы эрдик көрсөтүп, Смоленск областынын Пастиха кыштагынын жанында фашисттик мыкаачылар менен болгон теңдешсиз салгылашууда 1942-жылдын 7-февралында немистердин бекемделген чектерине чабуул коюп жатканда, баатырларча курман болот. Сөөгү Красное Завново кыштагына алып келинип, боордоштор көрүстөнүнө 1942-жылдын 8-февралында коюлат.
Асанакун Рысмендеев согушка кетип жатканда алган жары Гүлүмдүн курсагында бала калып, “кыз төрөлсө-атын өзүң билип кой, ал эми уул төрөлсө атын Алмаз кой”-деген керээзин айткан экен.
30 жаш курагында Ата-Мекен үчүн кырчындай жанын кыйган Асанакун Рысмендеевдин жубайына жазган катты келтирип кетейин:
“Ардагым Гүкөй! Сен экөөбүз бардык оордукту мойнубузга алып, сүйүшүп, өмүрлүк жолдоштукка кол кармашып, белгисиз убакка бөлүнүп отурабыз. Бул экөөбүз үчүн, артыкча сен үчүн оор. Анткени сен жаңыдан эле турмуш көрүп, эл-журт менен таанышып келе жаткан кезиң болчу. Ал эми мен болсом анча-мынча кагылып калганыма бел байлаймын. Эгер сен менин суугума тоңуп, ысыгыма күйө турган, мен тууралуу болгон бардык кыйынчылыктарды көтөргөн жарым болгон соң, бул сыноодон мыкты өтүшүң керек! Биз экөөбүз жашагыбыз келет. Бизге өмүр өтө кымбат. Бирок эгерде бизди тарбиялаган, адам кылган, жөн гана адам эмес, мени мамлекеттик ишмер кылган элим үчүн, менин партиям үчүн жан берүүгө туура келсе, бир минута да тартынбай бере салуум абзел”.
Атчандар полкунун комиссары, полковник чининдеги кыргыз элинин кыраан уулу 30 жаштын кырында Улуу Ата-Мекен үчүн, келечек муундун бактысы үчүн баатырларча курман болгон Асанакун Рысмендеев жөнүндөгү полктон келген таберик кат жубайы Гүлүм Малабаева менен артында калган жалгыз тукуму Алмаз Рысмендеев үчүн мурас болуп экөө бирдей эл ишенимине жараган элдик инсандардан болушту.

Гүлүм апанын эрдиги — 21 жашында жесир калып андан кийин экинчи жолу турмушка чыкпай туруп жалгыз уулу Алмазды атасына татыктуу адам болуп өсүшүнө болгон аракетин жумшап тарбия бергендигинде. Өзү Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын аяктап, билим берүү тармагында тескөөчү, Кыргызстан КП БКнын алдындагы бир жылдык курсту бүтүрүп, партиянын Фрунзе шааркомунда нускоочу, партиянын Биринчи май райкомунда аялдар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Андан соң Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүрүп, 1980-жылга чейин республиканын жеңил өнөр жай жана кеңири керектелүүчү товарлар өнөр жай министринин орун басары болуп 20 жыл өрнөктүү иштеп, коомчулук арасында бийик абройго жетип, ардактуу пенсияга чыгат. СССРдин бир нече орден, медалдары, мактоо грамоталарына татып, 1995-жылы 75 жашында дүйнөдөн кайтат.
Ал эми атадан калган жалгыз уулу Алмаз Рысмендеев Фрунзе политехникалык институтун ийигиликтүү аяктагандан кийин инженер, райком комсомолунун нускоочусу, Фрунзе шааркомунун экинчи, биринчи секретары, Москвадагы ВЛКСМ БКнын тескөөчүсү, Кыргызстан ЛКСМ БКнын биринчи секретары, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин бөлүм башчысы, Кыргыз ССР министрлер советинин бөлүм башчысы, андан соң Кыргызстандарттын төрагасы болуп жемиштүү эмгектенип, элине татыктуу кызмат өтөйт. Атасынын жолун байсалдуу улаган Алмаз Рысмендеев бир нече сапар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат, Кыргызстан КП БК жана ВЛКСМ БКнын мүчөсү болуп шайланып, өкмөттүк жогорку орден-медалдарга, “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери” деген ардактуу наамга татыган персоналдык пенсионер болду. Өмүрлүк жолдошу Тамара Рысмендеева менен эки уулду тарбиялашып эресеге жеткиришти. Улуу уулунун атын Асанакун атасынын урматына Асан деп коюшту.
Гүлүм апа дүйнөдөн өткөндөн кийин уулу Алмаз атасынын сөөгү коюлган Смоленск областынын Красное Завново кыштагындагы боордоштор көрүстөнүнө барып, атасына дуба түшүрүп куран окуп, атасынын бейитинен топурак алып келип апасы Гүлүм Малабаеванын сөөгү жаткан Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү мүрзөсүнүн топурагына жашырып, 53 жыл мурда курман болгон атасы Асанакун Рысмендеев менен энеси Гүлүм Малабаевага чогуу эстелик орнотту. Эстеликте кыска, орто жана узун жебелер тартылган. Кыска жебе – ата өмүрү, орто жебе – эне өмүрү, ал эми узун жебе – балдарынын амандыгы, келечектеринин кең болушун тилек кылган белги.
Асанакун Рысмендеевдин ысмы анын 80 жылдыгында 1991-жылы Жети-Өгүз районунун Талап айлынын өзү окуган мектебине ыйгарылды. Ошондой эле 1997-жылы Улуу жеңиш күнүндө Жети-Өгуз районунун Чоң-Кызыл-Суу айлына согуштан кайтпай калган айылдаш аталарга айылдын даңктуу кызы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кеңешкан Ысманова бала-чакасы менен орноткон эстеликке Асанакун Рысмендеевдин ысмы чегелип түшүрүлдү.
Рысмендеев Асанакун атанын басып өткөн кыска, бирок даңазалуу өмүрү өсүп келе жаткан жаш муунга өрнөк болот деп терең ишенем.

Асанакундун агасы Мамбетакундун небереси,
Кыргызстандын майыптар
Ассоциациясынын төрагасы Калык Мамбетакунов
P.S.Сүрөттөр үй-бүлөлүк архивден алынды



