Саясат
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусуна кетти

Кыргыз
Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын
Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы
боюнча Баткен облусуна кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат.
Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт.
Abal.kg