Коом

Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында бүгүн, 18-июнда саат 02:12 очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Арсланбаб айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Жай-Терек айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түндүк-чыгышка карай 40 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пункттарда жердин силкинүүсү Арсланбаб жана Жай-Терек айылдарында 4 балл, Чарбак, Кызыл-Үңкүр, Көк-Алма, Үч-Булак айылдарында 3,5 балл, Тоскоол, Бабаш-Ата, Каду, Көсө-Терек жана Жаз-Кечүү айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button