Саясат

Ишкерлерге бардык уруксат документтери тоскоолдуксуз берилет

Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн  уруксат берүүчү бардык документтер ыкчам жана кошумча текшерүүсүз берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

“Салык органдарында экономиканын ар кыл тармактарында иш алып барган компаниялар боюнча маалымат базасы бар. Маалым кат кандайдыр бир карыздарга карабастан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Болгону карантин маалында иштөөгө уруксат берилген тизмеге ылайык келиши керек. Ал эми патенти барларга иштеген жеринен маалым кат алуунун, аны салык органдарынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок. Болгону алардын ишмердүүлүгү уруксат берилген тизмеге дал келиши керек», — деди Боронов.

Штаб жыйынында жакынкы күндөрү жарандардын кайрылуулары электрондук форматта каралары белгиленди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button