Коом

“Кухня баатыры” Сыймык Жапыкеев — Чоң Казаттын маанисин билеби өзү?

Акыркы кездерде өзүн коомдук активист сезип жүргөн Сыймык Жапыкеев ашканада отуруп алып ар кандай чакырыктарды жасап келет. Ал  9-май күнү тарткан видеосунда : «Өзүңөрдү көрсөткүлө, бириккиле, штабка жардамга келгиле, силердин движенияңар өтө маанилүү»-деп чакырык таштап, буюрса «Кухня-9» бомба болот, Кухня-10 жеңишти белгилейбиз”, — деген бүдөмүк ойду айткан. Ошондо Жапыкеев жарандарды кандай “движение” кылууга чакырып жатат жана кайсы жеңишти майлаган жатат? 

Чакырыктарында  Манас атабыздын арбагы урпактарынан ыраазы болсун. Манастын руху калса, анда тургула-деп Манаска байланыштырып жыйынтыктайт экен. А буга чейинки кайрылууларында «Эй жиндилер, Манас-деген жок, ал болгон эмес»-деп Манасты келекелеп жатпады беле. Бир сөзү бир сөзүнө карама-каршы сүйлөгөн адамга кантип ишенсе болот?

Биз кухня-10 жеңишке жетебиз дейт дагы, “не судите строго. Это всего лишь кухонный базар”- дейт. “Азырынча кухонный разговор кылып туралы, буюрса чоң трибунадан официально сүйлөшөбүз” дейт. Бул сөзүн бери жакта окуган адам, Жапыкеевдер кухнядан түз эле трибунага (жогорку кызматка)  секирик жасагылары келген дымагын байкайт…

Алар тарабынан түзүлгөн кыймылдын аты дагы дал «Манас» эпосунан алынган. Чоң казат — эпостогу негизги өзөктүү окуялардын бири. Кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод.  Эпизод бир нече окуялардан турат —   Жети кандын чатагы, Бээжинге аттанууга даярдык, Каныкейдин сарамжалы, Алмамбеттин колго кан шайланышы, Жол азабы, Уркундан кечип өтүү, Колдун эсебин алуу, Чубактын чыры, Макел дөө, Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге киргени, Жылкы тийүү, Куугун, Сыргактын кошуунга кабар бергени, Көл-Кечүүдөгү кармаш, Чоң согуш, Кытайлар жеңилип, эки эл жарашканы, Кичи казат деген бөлүмдөрдөн турат. Кыскартып айтканда, «Манас» эпосунда Чоң казат — деген аталыш туруктуулукту, өнүгүүнү, тынчтыкты түшүндүрбөйт, ал согуш, тирешүү, адам өлүмү — деген маанини гана берет.

Ошондо Канат Хасанов, Сыймык Жапыкеев жана башка аты-жыты жок бирок, өздөрүн коомдук ишмер, жарандык активист, кыргыздын коргоочусу ж.б. атаган «бала баатырлар» «Чоң казат»- деген аталыштын маани-маңызын түшүнүп туруп өздөрүнө ыйгарышты болду бекен же билип туруп, ойлору чыр-чатак жаратуу, тирештирүү, бүлүк салуу, ырк кетирүү болгондуктан, дал ушул атты ылайык көрүштүбү?  Булар эпостогу баатырлар кыргыздын тышкы душмандардан коргош үчүн алдына ат минип, колуна камчы кармап, кажыгасына этти байлап, эли-жерин кашык канын аябай коргогону тууралуу маалымдарбы?  А азыркы “чоңказатчылар” кухнядан аттанышкан — деп кайсы тарыхчы кийин уялбай айтып берер экен! (бул окуя «Манас» доорунда болгондо кыргыз үчүн намыс, уят болмок).  Азыркы “чоң казатчылар” канчалык өздөрүн баатыр сезбесин «Манастын» чоролору эмес, алардын ч… деген тамгасына да тең келе алышпайт.

Булар кыргызды эмес, өздөрүн ойлоп жатканы акыркы учурларда сокур менен дүлөйгө деле белгилүү болуп калды. Булардын оюу байлардын байлыгын басып алуу. Аны өздөрү деле жашырбастан, Кыргызстандагы байларды  тоноп, үй-мүлкүн тартып алып, өздөрүнүн тезмесиндеги чиновниктерди мыйзамдын жолу менен эмес, элдик жазага тартып, керек болсо эр өлдүгө чейин бара тургандарын айтып жатышат. Эл дагы алардын мындай басмачылык түшүнүктөрүнө башында таасирленип барып, эми-эми көздөрү ачылып жатат.

Жапыкеев өзү айткандай азыр “безработный”. Карантинде карайлап, эмне кылып акча табарын билбей, Барборос планын түзүп алып баштаган иши жакшы башталгансыган. Себеби,  эл азыркы депутат Кубанычбек Жумалиевдин 150 элитка квартирасы, 2,5 млрд доллары бар экенине, жада калса Улуттук банктын резервиндеги акча бул суммага жетперин угушканга чейин ишенишкен. Андан соң коомчулукта Жапыкеевдер «Силердин да атыңарды атайбыз, компроматыбыз бар»-деп байларга чыгып, шантаж кылып жатканы боюнча имиштер тарады. Имиштин арты чын иш дегендей, алар четинен тастыкталар күн алыс эмес болуп калды…

Мындай баатырдык духу жок, кухнядан башы чыкса корккон, популист, жалганчы,  жарма баатырлар биздин коомдун коркунучу. Минтип отурсак майдалангандан майдалана беребиз. Биз билимдүү, сабаттуу, сапаттуу, сүйлөгөнү тың, жүрүм-туруму үлгүлүү, кылган иши маңыздуу, майнаптуу лидерлерди ээрчишибиз керек.

Сабыр Абыкеев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button