Пайдалуу кеңештер

Сабырдуулук челенджи. Наристелерден сабырдуулукту үйрөнөбүз (видео)

Инстаграм-челендждери таң калтырууну улантып келет. Эми белгилүү Голливуд жылдыздары 60-жылдардагы Стэнфорд эксперименттерин жайылтышууда.

Анда ата-энелер өзүлөрүнүн балдарын таттууга болгон сабырдуулугун текшеришүүдө. Ыкма эң жөнөкөй: болгону балаңыздын алдына таттуу толтурулган идишти алып келип коёсуз жана кайра келгенче эч тийбей туруусун өтүнөсүз. Эгер сиз келгенче балаңыз ошол таттууларга тийбесе келгенде көп берем деп айтасыз дагы чыгып кетесиз. Эгер балаңыз айтылганды угуп, күтсө, анда ал жашоодо дагы сабырдуу болуп, көп нерсеге жетишет деп билиңиз.

Мисалы, дүйнөгө белгилүү болгон миллиардер айым Кайли Дженнер өзүнүн кызын ошентип сынап, атайы камера коюп чыгып кеткен. Ал эми кызы канчалык таттууну жегиси келсе дагы өзүн сабырдуу кармап улам-улам «сабырдуулук, сабырдуулук» деп кайталаганын көрүүгө болот.

Бул ыкма азыркы изоляция убагында бир гана кичинекейлер үчүн эмес чоң адамдарга дагы колдонулуучу мисал экен.

https://youtu.be/4NfjEYaEHf4

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button