Пандемия. Өзгөчө абалда аракечтер көбөйүүдө

Өлкөдө өзгөчө абал алынганына аз гана убакыт өтсө дагы Республикалык наркология борборунда ичкиликтен жабыр тарткандардын саны өсүп баштады.
Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Татьяна Борисовна билдирген.
Буга чейин ал «карантин бүтсө бизде ичкиликтен жабыркагандар көбөйүп кетиши мүмкүн, себеби бош отургандар көбүнесе алаксыш үчүн алкоголь иче башташат, ал эми Кыргызстанда ичимдикке тыюу салынган эмес», деп айткан эле. Көп өтпөй анын айтканы келип учурда алардын саны өсүүдө.
Жабыр тарткандардын көбү оор абалда, аларды кээде токсикология жана реанимация бөлүмдөрүнө жетишпей калып жатышканын жана психологиялык жактан жабыр тарткандар дагы кошулуп жатканын белгилеп, өлүм учурлары каттала элегин айтты.
Эскерте кетсек, дүйнөдө карантин киргизилген өлкөлөрдө да спирт ичимдиктерин
ичкендердин саны көбөйүп, айрымдары каза болгон учурда көп кездешкени айтылып
келет. А түгүл ислам мамлекетинде да вирустан коргонуу максатында спирт
ичимдиктерин ичип, ууланган учурлар да катталган.
Abal.kg