Дүйнө

Сенсация: академик COVID-19дан кайсы этникалык топтордогу элдер көп көз жумаарын айтты

Россиялык  академик Сергей Колесников «Парламентская газета» басылмасына берген интервьюсунда сенсациялык чындыкты моюунуна алды. Бул туурасында 14-майда  Vazho.ru жазып чыкты.

Колесниковдун сөзү боюнча коронавирустун ар кайсы улутка, элге зыяны ар башкача. «Ар кайсы улутка, башкача айтканда этникалык топторго тийгизген таасири ар башкача», — деп мойнуна алды академик.

-Ошол эле АКШда латиноамерикалыктар менен афроамерикалыктардын арасында актарга караганда  жуктургандар да, каза тапкандар да көп деп дуу болуп жатат. Фермент 2ге айланган   ангиотензиндин рецепторлору ар кайсы этникалык топтордо ар башкача натыйжа берет. Дарыларга да ар кайсы этникалык топтордун реакциясы ар башка. Муну биз дадилдегенбиз, -деп айтты Колесников.

Эсиңерге сала кетсек, АКШда, Улуу Британияда коронавирус жуктурган жана андан көз жумган афроамерикалыктар ак түстүүлөргө караганда жалпы бейтаптардын 60%тен ашыгын түзөөрү айтылып жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button