Коронавирус. Тажикстанда абал өтө оор, көз жумгандарды бийлик жашырып жатабы

Тажикстанда өткөн суткада 211 киши коронавирус жуктуруп, 4 киши көз жумганын, бир суткада ушунча адамдын ооруганы абдан чоң көрсөткүч экенин Радио Озоди маалымат булагы жазып чыкты.
Ал эми Тажикстандын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги ал өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1118 кишиге жеткенин кабарлады.
Кечээ ал жакта бир күндө 4 адам ушул вирустан каза тапты, жалпы жонунан бул өлкөдө расмий маалымат боюнча көз жумгандардын саны 33кө жетти.
Бирок карапайым эл министрликтин мындай расмий маалыматына ишенбей келет. Анткени коронавирустан күнүгө көп эле адамдар көз жумуп жатканын айтып, бийлик жашырып жатат деген кыязда айтып жатышат.
14-майда “Радио Озоди» Навобод айылындагы көрүстөнгө бир күндө 45 жаңы сөөк коюлуп жаткан видеону тартып алган. Бул Душанбедеги эң чоң көрүстөн болуп эсептелет.
Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Патрик О’Коннор Душанбе менен онлайн пресс-конференциясында бул өлкөдө абал курчуп баратканын айтты. Вирустун ушунчалык тез жайылып жатканын жана адам өмүрүн сактап, вирусту жайылтпоо үчүн чечүүчү кадамдарга баруу керектигин эскертти.
Патрик О’Коннор азыр мындан да абал курчуп кетиши ыктымал экендигин жана ага даяр болуп өзгөчө абал киргизүү керектигин, медкызматкерлерди жана медициналык мекемелерди катуу көзөмөлгө алып, ал жактагыларды да даярдоо керектигин маалымдады.
Эскерте кетсек Тажикстанда 30-апрелде гана коронавирус жуктуруп алган 15 киши аныкталган. Ага чейин бул өлкөдө коронавирус катталган жок деп айтылып келген. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Саламаттык сактоо министри Насимоа Олимзоданы кызматтан кетирген. Буга чейин Согда районунундагы жана Хатлон облусундагы бир нече адам шектүү оорудан көз жумганын жөн гана пневмониядан каза болду деп айтышкан эле.
Акыркы кездерде Тажикстандагы жергиликтүү ММКлар медициналык коргонуучу кийимдер, беткаптар жана оорулууларды дарылоочу дары-дармектер жетишпей жатканын жазышууда. Бирок бийлик бул маалыматтарды четке кагууда.
Abal.kg



