Москванын ооруканасындагы кыргыз мигрант:«Мен дагы коронавирус жок деп ойлогом…»

Turmush — Кыргызстандык жигит Бактияр (аты өзгөртүлдү) Москва шаарына эмгек мигранты катары барган. Карантин башталганы жумушсуз калып, айласыз ооруканалардын бирине ишке орношкон. Ал жерде мекендешибиз медицина кызматкерлерине жардам берип, коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алып жатат.
Бул жумушка киргенимди ата-энем билбейт
Өзүм Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну болом. Жогорку билимдүүмүн. Россияга эмгек мигрант катары келүүгө мажбур болгом. Карантин башталганы он чакты кыргыз бала үйдө камалып жатабыз. Баарыбыздын тең акчабыз дагы, азык-түлүгүбүз дагы түгөндү. Ошол себептен кандай гана жумуш болбосун карантинге карабай иштөөгө туура келип жатат. Бул биринчиден. Экинчиден, өзүм коомдук иштерге активдүү катышканды жакшы көрөм. Ошол себептен коронавирус менен ооруган адамдарга каралашуу, медицина кызматкерлерине жардам берүү үчүн ушул жумушка кирдим. Бул ишке киргенимди ата-энем, жакындарым билбейт.
Күнүнө кеминде 8 адам өлүп жатат
Москва шаарындагы ооруканалардын бирине 30дай кыргыз бала жумушка кирдик. Мен алардын бригадири болом. Баарыбыздын тең медициналык билимибиз жок. Жумушка чакырышканда дароо эле «коронавируска чалдыккандар менен иштейсиңер» деп айтышкан. Биз макул болуп, кагаздарына кол коюп бердик. Анан эмне кылмак элек? Батирдин ижара акысын беришибиз керек. Тамак-ашка акча табышыбыз керек.
Ооругандар абдан көп. Дарыгерлердин жарымы жумушун таштап кетип калышкан. Элди дарылоо үчүн дарыгерлерге кол кабыш, жардам кылууга студенттер, бизге окшошкон мигранттар тартылып жатат. Мен иштеген ооруканада күнүгө кеминде 8 адам коронавирустан каза болууда. Эң көп дегенде 20 адамга чейин каза болот. Жакында эле бир кыргыз байкени тез жардам менен алып келишти. Абалы өтө начар экен. Анын туугандарын издөөгө жардам берип жатабыз.
Мен дагы коронавирус жок деп ойлогом
Ооруканага жумушка киргенге чейин айланамдагы кишилер: «Бул оору жок, жөн гана саясат» деп айтып жатышты. Мен дагы ошентип ойлоп баштагам. Мына, эми ооруканага жумушка кирип, өз көзүм менен көрүп отурам. Ооругандардын басымдуу бөлүгү 60 жаштан жогору курактагы адамдар. Жаштар азыраак. Каза болгондордун көбү улгайган кишилер. Өнөкөт оорулары болсо вирус ошолорду козгоп, адамды кыйнап салат экен. Ал эми ооруканада иштеген медиктин баары ооруп, сакайышыптыр. Алар: «Жеңил болду. Сасык тумоодой эле өтүп кетти» деп айтып жатышат. Бир күнү ооруканада 34 жаштагы бир жигит каза болду. Сөөгүн алып чыкканы жандандыруу бөлүмүнө кирдик. Колдору жешилип кетиптир. Мурун ооруп жүрүптүр. Анан коронавирус илдетин жуктуруп алган экен.
Биздин медиктерге алкыш
Биз иштеген оорукана Москванын борбордук аймагында жайгашкандыктан күнүнө 30-80 бейтапты алып келишет. Бирок катуу кыйналгандар гана кабыл алынып жатат. Келген адамдарды араба же санитардык носилка менен палаталарга жеткиребиз.
Медиктерге жардам берем деп өз ыктыяры менен келгендердин көбү кыргыздар. Абдан жакшы жардам берип жатышат. Мен элибиздин ушундай кыйынчылыкта жасаган эрдиктерин көрүп сыймыктандым. Эң кейиштүүсү, дарыгерлер жумушун таштап кеткени болду. Айрым дарыгерлер өздөрүн абдан бийик коюшат экен. Элге жардам берүүнүн ордуна өз баштарын ойлоп кетип калышты. Албетте баары эмес. Элдин саламаттыгы үчүн иштеген патриот медиктер деле бар.
Бул жактагы дарыгерлерге түзүлгөн шарттарды Кыргызстандагы шарт менен салыштырууга такыр мүмкүн эмес. Москвадагы дарыгерлер үчүн кафеден 3 маал тамак келет. Келишим менен иштегендер 5 жылдыздуу мейманканада жашайт. Аларды ары-бери ташып турушат. Оорукана толугу менен заманбап техникалар менен жабдылган. Анан эмнеге жумушун таштап кетип жатышат деп ойлойт экенсиң. Биз болсо айрым техникаларын 2 күндө үйрөнүп алып, иштетип жатабыз. Ийне сайбаганыбыз эле болбосо, калганын баарын жасап жатабыз. Бул жактагы шарттарды көрүп, биздин өлкөдөгү дарыгерлерге миң ирет таазим кылдым. Айлыгы аз, эч кандай шарты жок, мышык ыйлаарлык абалда иштеген биздин дарыгерлерге алкыш! Мамлекет алардын айлыктарын 10 эсе көбөйтүп берсе да, бул жактагы медайымдардын айлыгына жетпейт.
Эми бизге качан жугуп калат деп…
Эмнеси экенин билбейм, кыргыздар ооруну жеңил өткөрүшөт экен. Таза аба, тоодо чоңойгондуктан ушундай болуп жатса керек. Бирок ошентсе да коркот экенсиң. Эми бизге качан жугуп калат деп кооптонуп жатабыз.
Оорукананын дарыгерлери бизге абдан ыраазы болуп жатышат. «Кудай биздин үндү укту. Жардамчыларыбыз келди» деп айтышууда.
Москвада кошумча ооруканалар курулуп жатат. Себеби бул оору көпкө барат деп айтышууда.
Булак: Turmush