Коом

Шашылыш билдирүү: ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

17-19-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү түшүп, күрткү жаралып, жолдор тайгак болот. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Көчкү төмөнкү жерлерде кооптуулук жаратууда:

Бишкек – Ош жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68-74, 86-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу) ;

Красная Горка – Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымында;

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 65-110-чакырымында;

Каракол – Эңилчек жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу);

Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымында (Көк-Арт ашуусу).

ӨКМ жолго сапарга чыккан жолоочуларды автоунаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты кармап жүрүүнү эскертти.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button