Дүйнө

Кытайда коронавирус кайра чыгып 108 миллиондон ашык киши карантинге жабылды

Кытайдын түндүк-чыгышында 108 миллиондон ашык киши коронавирус инфекциясынын кайра чыгышынан карантиндик чараларга кабылышты, деп маалыматтарга таянып Bloomberg билдирди. Бул туурасында 19-майда Lenta.Ru кабарлады

Басылманын маалыматы боюнча, бул аймакта бар болгону коронавирус жуктурган 34 гана учур катталган. Бирок, ошого карабастан  бийликтер Цзилинь провинциясына автобус жана темир жол каттамдарын толук токтотуп, мектептерди жаап, бул аймактын кишилерин бүт бойдон  изоляциялашты.  Мындай чаралар элдин эсин эңгириетип таштады, деп белгилейт  басылма. Анткени  адамдар өлкөдө эпидемия токтоду деп ойлошкон.

Түзүлгөн бул кырдаал Кытай жана башка мамлекеттерде жүрүп жаткан чектөө режимин алып  салуу  процессинин канчалык үлбүрөк экенин, инфекцияга кенедей эле шектенүү пайда боло калса, кайрадан катаал карантиндерге алып келээрин көрсөттү, деп белгилейт басылма.

Шулань шаарынын жетекчилиги, коронавирусту кайрадан жайылтпаш үчүн,  мына ушундай катаал чаралар кабыл алынды деп билдирди. Ошондой эле бийликтер коронавирус бышыкталган эл  жашаган комлекстердин (үйлөрдүн, кварталдардын) толук бойдон изоляцияга жабылганын жарыя кылышты. Эки күндө бир ирээт, үй-бүлөө мүчөлөрүнүн бирөөнө эки саатка гана эң зарыл нерселерди сатып алууга чыгыш үчүн уруксаат берилет. Шулань жана ага канаатташ жайгашкан шаарларга кирүүгө да, алардан чыгууга да таптакыр болбойт.

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button