Коом
Кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Түптөгү үйлөрдү сел каптады
Президент Садыр Жапаров туулуп-өскөн Кең-Суу айылында 2 үй, Байзак айылында 6 үйдүн жер төлөсүн суу каптаган.
Облуста жумушчу сапар менен жүргөн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аймакка барып, абал менен таанышкан. Учурда ӨКМдин куткаруучулары сел каптаган үйлөрдү тазалоодо.



