Коом

Милициянын кайгуул кызматы көчөлөрдүн абалы боюнча жазгы текшерүү ишин жүргүзүүдө (фото)

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жолдорду көзөмөлдөө
бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары менен биргеликте борбордо көчөлөрдүн абалынын комиссиялык түрдө текшеришүүдө.

Текшерүүнүн максаты жалпы колдонуучу унаа жолдорунун, калк жашаган
жерлердеги көчөлөрдүн жана темир жол өткөөлдөрүнүн кыш өтүшү менен жайкы
мезгилге даярдык жүргүзүү.

“Мисалы, борбордогу №12 орто мектептин жанындагы жөө адамдар өтүүчү
жол. Бир карасаң бул жерде баары бар. Жол чырагы, жол чийиндери, жол
белгилери. Ал эми коомдук унаалардын айдоочулары, жөө өткөлгө, экинчи
катарга токтоп алышат. Балдарын мектепке алып келген ата-энелерчи,
ойлонбой жол кыймылга көп тосколдуктарды жаратат. Албетте,  мектептердин
жандарында, балдардын коопсуздугу үчүн тартип так сакталыш керек да. Бул
бир эле мисал, борбор калаада мындай жерлер жок эмес” – деп токтолду
МККБы кызматкерлери.

Ошону менен эле бирге текшерүүнүн негизинде борбор шаарыбыздын
көчөлөрүндөгү жолдордун үстүндөгү аңдарды жана жаракаларды жокко
чыгаруу, жол белгилерин орнотуу жана алмаштыруу, жол чийиндерин
жаңылатуу жана тийиштүү жерлерге жол чийин түшүрүү, тоскоолдук жана
тосмолорду жаңылатып жана орнотуу иш-чараларын жүргүзчү жерлер такталды.

Такталган маалыматтар боюнча түзүлгөн акт жергиликтүү аткаруу бийлик
өкүлдөрүнө тийиштүү иштерди аткаруу максатында жөнөтүлөт. Көчө жана
жолдордун абалын текшерүү иштери жолдору көзөмөлдөө бөлүмүнүнүн
кызматкерлери тарабынан улантылууда.

МККБы Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button