Коом

Акын Мырзайым Айтимбетова: “Аксакалдарыбыз акыл маселесин айтпай, катын маселесин айтып олтурган кездерди көрдүк…”

Кыргыздын кыздары кыйын экенин, кыйчалыш учурларда элибиздин түндүгүн түшүрбөй сактап келгенин Каныкей, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзадан эле билип келсек, мына ушундай эки анжы заманда дагы эле Ала-Тоонун аялзаты акылгөйлүгүн, мекен сүйөөрүн, жүрөгүндө оту бар тайманбастыгын көрсөтө баштады. Калкыбыздын накта патриот акын кыздарынын бири, атына заты жарашкан Мырзайым Айтимбетова, кыргыздын нарк-насилден, улуу салт-санаасынан ажырап турган азыркы абалына жаны күйүп, вирустай тарап бараткан жаңы маңкурттарынан ички дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп турганын өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыккан.         

Кыргыз, кырылгыс эл экенибизди эстегибиз келет, бабалардын бизге мурас кылып кеткен, мыйзамга жазылбаган улуу салтын, наркын улап, бирок балдарың чалдардай, чалдарың бардардай болуп калган заманда жүрөктү чочута турган чоң маселе бар. 25 жашка чыга элек балдарың сакал коюп жүргөнүн көрдүкпү, көрдүк. Мектеп босогосун аттап жүргөн темир канат наристелерибиз чүмкөнүп алганын көрдүкпү, көрдүк. Мөлтүрөп турган уул-кыздарыбыз акыл чөйчөгүн улуу эпостун, улуу жомоктору менен толтура турган кезде таалим угуп, даватка чыгып кеткенин көрдүкпү, көрдүк. Алакан жайып батасын берээр аксакалдарыбыз, акыл маселесин айтпай, катын маселесин айтып олтурган кездерди көрдүкпү, көрдүк. Эми биз кайдай барабыз?.. Эмне деген жолду көрсөтүп атасыңар?.. Улутту каза дин эмес, таза дил, таза кан, таза тил сактап калаарына шегим жок! Кудай асманда эмес, кудай тоодо эмес, кудай ташта, сууда, отто эмес, кудай Пакистанда эмес, кудай, Аравияда эмес, кудай ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Кудайдын тынчын алып эмне мынча жүдөттүңөр?! Таалим-тарбия деген үйдөн берилет. Кыргыз бекеринен айтпайт, ата көргөн уул, энесинин тасмалын көргөн кыз экен деп. Мен, менин улутум Кыргыз деп жүргөн Кыргыз уулунун оозунан, даватка чыгып келдим эмес, жайлоого чыгып аргымактын оозун бура тартып чаап, ак кымыздан жутуп, тогуз коргоол, көк бөрү, ордо, жаа тартмай, тыйын эңмей, ж.б улуттук оюндарды ойноп, чоң аталарыбыздан санжыра угуп, эс алып келдим деген сөздү уккум келет. Кыздарыбыз беш көкүлүн жеңелерине өрдүрүп, беш таш, ак чөлмөк ойноп, селкинчек тээп, кырк үйдөн тыйылып, оозунда жаңылмачы, макалы куюлуп турганын көргүм келет!..

Бейишке чыккыңар келген жашыл, кара, ала-була желегиңер менен Пакистанга чейин, же Аравияга чейин эле барасыңар.
Мага: замзам суусунан, Кымыз артык. Ичегидей башыңа оролгон селдеңен, Ак калпак артык. Шалбыраган шалбарыңан жоокер кийими артык. Чүмкөнгөн чүмбөтүңөн, улуттук көйнөгүм артык. Даватыңан, Манас эпосу артык. Ухуд тооңон, Ала-Тоом артык!

Автор: акын Мырзайым Айтимбетова

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button