ЖК төрагасы Д.Жумабеков Өкмөткө вирустун экинчи толкунуна даяр туруу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу керек экенин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай пикирин спикер Д.Жумабеков ЖКнын кечээки, 21-майдагы, жыйынында билдирген. Төрага Кыргызстандын саламаттык сактоо жана экономика тармагы кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун эскерткен.
Жумабековдун айтымында, күз айында COVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү коркунучуна каршы туруу үчүн бюджеттен каражат кароо керек.
Эскерте кетсек буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү дүнөдө пандемиянын экинчи толкуну болушу ыктымал экенин айткан эле.
Ал эми Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.
Abal.kg