Коом
10-декабрга карата аба ырайы

Бүгүн, республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында -4…-9,
Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…-5,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1,
Нарын өрөөнүндө -2…-7 градуска жетет.
Ал эми Бишкекте 0…-2, Ош шаарында 4…6 градус болот.



