Коом
«Яндекс такси» кызматынын иштөөсүнө каршы чыгып, өкүлдөрүн коркутууга алган деп Токмок шаардык депутаты шектелүүдө

Чүй милициясы билдиргендей, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына кайрылган жаран 26-февралда ал иштеген кеңсеге 6-7 жаран кирип келип, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылганын айткан.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.
Милиция 9-март күнү шектүү катары Токмок шааныны 35 жаштагы тургуну К.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
@user2



