Коом

Индияга дарыланууга кеткен кыргызстандыктар кайтып келишти

Бишкекке Индиядан чартердик каттам менен Кыргызстандын 22 жараны алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Air India авиакомпаниясынын Дели — Бишкек — Дели маршруту боюнча келишти. Бул Индия тарабынан ал жактагы кыргызстандыктарды чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттамы болду.

«Өлкөгө конгон 22 кишинин көбү дарылануу жана ар кандай иштерди бүтүрүү максатында Индияда болушкан. Учурда бардыгы белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды», — деп айтылат маалыматта.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button