Окуялар

Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын агасына ок атылып, ооруканага түштү

Кечээ, 26-май күнү Жалал-Абад шаарында ок атуу катталглан. Бул тууралуу бүгүн интернетте  “Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, Нурбек Акановдун агасы Сапар Акановго ок атылып, ооруканага түштү!”-деген маалымат тараган эле.

Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди:

“2020-жылдын 26-май күнү болжол менен 23:20 чамаларда Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБдин 102 кызматына кабар келип түшкөн. Ал кабарда ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаарат алып 1977-ж.т. А.С. аттуу атуул түшкөндүгү кабарланган. Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, кароо жүргүзгөн. Окуя болгон жерден маркасы белгисиз травматикалык ок атуучу куралдын атылган резина октору алынып, күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде болжол менен саат 22:00 чамасында жабырлануучу А.С. аттуу жаранды өзүнө бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы 2 бала белгисиз ок атуучу курал менен аны көздөй 3-4 жолу атып жиберип, окуя болгон жерден издерин жашырып белгисиз тарапка качып кетишкендиги такталган. Учурда аталган кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.”

Эске салсак, Сапар Аканов күрөш боюнча Азия чемпиону Нурбек Акановдун бир тууган агасы. Маркум Баяман Эркинбаевдин бир тууган жээни.

Ал 2005-жылы Кара-Суу базарынын ээси, Ибрагим Жунусувдун агасы Абдалим Жунусовду атып өлтүрүүгө шектелип кармалган. Бирок, ага психикалык жактан мажбурлап дарылоо чечими чыккан. Психикалык оорулуу катары катоодо турат.

2015-жылдын июнь айында “ээнбаштык” беренеси менен кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Булак: БарсМедиа

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button