Коом

Мэр Токторбаев Оштогу «Боорукердик» социалдык мекемесине кызматтык унаа тапшырды

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэриясынын «Боорукердик» социалдык мекемесине кызматтык унаа тапшырды. Маалыматты муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, үч күн мурун мекемеде жашаган аксакал мэрден унаа белек кылууну сураган. Мындагы карыяларды ооруканага алып баруу сыяктуу олуттуу учурларда унаага зарылдык курч экенин айткан эле.

Шаар башчы аксакалдын өтүнүчүн үч күн ичинде орундатып, жаңы, заманбап үлгүдөгү унааны тартуулады.

«Боорукердик» социалдык мекемесинде 43 бала жана 28 улгайган адамдар жашайт.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button