Коом

“Улуттук банк тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.   

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоору Улуттук банктын кирешелерин 70%дан 90%га чейин бөлүштүрүүдөн республикалык бюджетке түшкөн которуулардын көлөмүн көтөрүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга багытталганын маалымдады.  

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев акыркы үч жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмүнө кызыкты. Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы банктын кирешеси 2 млрд. 300 млн., 2018-жылы 2 млрд. 103 млн., 2019-жылы 2 млрд 565 млн. сом болгонун билдирди.

Ал эми Аалы Карашев экономикалык каатчылык маалында ар бир тыйын бюджет үчүн маанилүү экенин белгилеп, мыйзам долбоорун колдоду. Муну менен катар улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоодогу Улуттук банктын салымын баса белгиледи.

Мындан тышкары депутат Махабат Мавлянова Улуттук банкты насыя төлөмүнө жеңилдик берүү үчүн карыздар тараптарга көмөк көрсөтүүгө чакырды. Төлөмгө үч айлык жеңилдик каралган менен анчалык жардам бербегенин айткан эл өкүлү жок дегенде доллардын өсүшүнөн жаралган курстук айырмачылыкка карап төлөмдөрдү кыскартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button