Окуялар

Кечээ үч адам сууга чөгүп каза тапты

Кыргызстанда бир күндө үч адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылынын “Саратай” көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Окуя 3-июнда түштөн кийин болгон.

Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кетти.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.

Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи жарымында 88 адам сууга чөгүп каза болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button