Коом
Кочкор районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому таратылды

Кочкор районунда 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору таратылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы райондун тургуну Т.Жапаровдун демилгеси менен «Албир» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында 12 жашка чейинки 100 балага спорттук костюмдар таратылды.



