Коом
Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус чыкты. 6 адамдын каяктан жуктурганы белгисиз
Республикалык ыкчам штабда 6-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.
Башкы санитардык врачтын билдирүүсүнө караганда акыркы суткада 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын саны 1360 адамды түздү, деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. Ошол эле учурда дагы 38 жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары. Анын ичинен 6 адамдын каяктан жугузуп алганы тактала электигин, бирок иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Abal.kg