Окуялар

Кандуу кармаш (видео)

Интернет колдонуучу өзүнүн фейсбук баракчасына чыгарган бул видеодо буйволду (уй, топоз менен тектеш) тумшуктаган арстан көрсөтүлгөн. Арстан буйволдун тумшугуна чап жабышыпы алып чыгаргысы жок. Буйвол андан бошонуунун аракетинде. Мындай эрөөл көпкө созулат. Буйвол арстанга моюн бербей бир нече жолу ыргыта сүзөт. Арстан алсырап солуп жатып калат. Бирок, эс алып алып буйволго кайра асылат.

Экөөнү чарчаткан кандуу кармаштын тагдырын башка буйвол чечет. Ошол убакта буйволдордун тобу тигил экөөнүн жанына келип калышкан болчу. Арасынан бирөө чапкенедей болуп тиги буйволго жабшып турган арстанды ыргыта сүзөт. Канжалаган арстан качып берип, бактын арасына барып комдонуп, кызылжаян кан болуп  жатып калганы көрсөтүлгөн.  

https://youtu.be/ot_RzkCn2g8

Эскерте кетсек, уй, топоз, буйвол оңой менен жырткычтарга алдырышпайт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button