ЖОЖго тапшыруу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта болот

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктап, каттоодон 41 727 абитуриент өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровдун онлайн брифинг учурунда билдирди.
Омуровдун айтымында ар кандай себептер менен каттоодон өтпөй калгандар үчүн 20-июнда жана 23-июнда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Кечки каттоо атайын уюштурулган тест тапшыруу борборлорунда өтөт. Республика боюнча 116 тест тапшыра турган борбор даярдалууда. Мында бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулат. Жогорку окуу жайларга тапшыруу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт. ЖОЖго кабыл алуу үч тур менен ишке ашырылат:
I тур – 20-25-июль
II тур – 27-30-июль
III тур – 3-7-август.
Abal.kg