Коронавирус. Акыркы суткада 78 адамдан аныкталды, Бишкекте жуктургандар көп катталууда

Акыркы суткада Кыргызстанда 78 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкектен — 50, Чүй облусунан — 13, Жалал-Абад менен Талас облустарынан — 10, Ысык-Көлдөн — эки, Нарын облусунда — үч адамдан коронавирус аныкталды.
Жаңы катталган 78 адамдын ичинен 35 киши (45 пайыз) вирусту кайдан илештиргенин так билбейт. Мындан эки күн мурда жуктурган 37 учурдун 14үндө вирустун булагы аныкталган эмес. Ал эми кечээ күнкү 41 учурдун 18и белгисиз болгон.
Мындай көрүнүшкө Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өкмөт дагы тынчсызданып, күн сайын эпидемиологдор инфекция булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болуп жатканын айтууда.
«Ооруну жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга баруусу жана коомдук транспортто жүрүүсү менен байланыштырууда. Коомдук транспортту 60-70 пайыздан ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө маска кийүү талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл. Анткени коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат», — деди Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.
Ошондой эле ал мындай шартта оору жугузуп алгандарды эртелеп аныктоо жана байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого зарыл экенин белгиледи.
«Базарлардын кире беришинде кызматкерлердин дене табын текшерүү үчүн стационардык тепловизорлорду орнотуу зарыл. Дене табы жогору экендиги аныкталган кызматкерлер ишке кое берилбеши керек. Ден соолугу кооптондурган пенсия курагындагы адамдар коомдук жайларга барбай турганы жакшы», — деди Кененбаев.
Ошондой эле «118» колл-борборунун маалыматтык-агартуу ишин жана мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.
Abal.kg



