Маданият

Гүлжайна Атаканова: Арыктаймбы, семиремби, бирөө менен жүрөмбү, жүрбөймбү өзүм билем

Куудул, ырчы Гүлжайна Атаканова Инстаграм баракчасына ага сын айткан хейтерлерге маани бербей, өзү каалагандай жашаарын жазды:

“Мен өзүм каалагандай жашайм. Бул менин жашоом. Бул менин тандоом.
Бирөөнүн жашоосуна мурдумду тыкпайм. Себеби өзүмдүн жашоом кызыктуу.
Хейтерлерди бул жашоодогу жок адам деп эсептейм. Себеби бир дагы негатив жазган адам баракчасына өзүнүн сүрөтүн коё албайт.

Анткени алар коркок, көрө албас, ичи тар, жашоосу начар адамдар болот. Мени жакшы көргөн, сыйлаган инсандар сиздерге Жаратканым эки дүйнөнүн бактылуулугун насип кылсын ылайым. Узун киемби, кыска киемби, арыктаймынбы, семиреминби, ырдаймынбы, ойноймунбу, бирөөгө жардам береминби бербейминби. Бирөө менен жүрөмбү жүрбөймүнбү өзүм билем”,- деди ал.

Эскерте кетсек, шоу-чөйрөсүндөгү чыгармачыл адамдардын жашоосун, чыгармачылыгын сындагандардын саны арбын. Алардын сап башында  эч кандай сынга да сынбаган ырчы Анжелика Кайратова, Самара Каримовалар турат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button