Маданият

Обончу, ырчы Айбек Карымов СИЗОдо эмес-үйүндө (видео)

Кечээ, 19-июнда экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы обончу, ырчы Айбек Карымов менен Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын  жетекчилик кызматындагы үч кызматкер “кызмат абалынын кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен камакка алынып, борбор шаардын СИЗО-1ге киргизилгенин билдирген.  

Бирок, Айбек Карымовдун жубайы Гүланданын инстаграм баракчасына чыгарган видеосу, ырчынын СИЗОдо эмес эле үйүндө экенин күбөлөндүрүп турат.Ал видеодо обончу, ырчы ага кабатыр болгондорго ыраазычылыгын билдирген.

Алынган маалыматтарга караганда Айбек Карымов суракка барып көрсөтмө берип эле кайра үйүнө кайтып келген.

https://youtu.be/w-M2Gbh0lF0

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button