Дүйнө
Россияда мүрзөнү тез казууга мелдеш жарыяланды

Новосибирскинин крематорийи (маркумдардын сөөгүн өрттөөчү меш) мүрзөнү тез казууга мелдеш жарыялады. Конкурс өтө турган ай августка, жайы Омскге пландаштырылган. Бул туурасында Mash Telegram-каналына крематорийидин директору Борис Якушин аңгемелешүү учурунда айтып берген.
Бирок бул идеяны Россияда ойлоп табышкан эмес. Бул адаттан тыш мелдештин мекени венгер шаары Дебрецен деп эсептелет. Якушиндин сөзү боюнча европалык мүрзөчүлөр мындай мелдешке өтө олутуу карашат.
«Российсиянын маркумдарын көмүү тармагынын кызматкерлери өз иштерине көнүп алышкан, андыктан тез казууну азырынча зарыл деп эсептешпейт» деп белгиледи ал. Крематорийдин директору мындай мамиле өзгөрөт деген үмүттө экенин айтты.



