Коом
Кыргызстанда эпидемилогиялык абал оорлошту. Дагы 250 адамдан инфекция аныкталды

Республикалык ыкчам штабда 26-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев статистикалык маалымат берди.
Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 250 жаңы бейтап аныкталды, деп айтты министрдин орунбасары.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын күндөн-күнгө оорлошуп бараткандыгына карата өзгөчө абал кайра киргизилеби деген суроого, Мадамин Каратаев киргизилбей тургандыгын, бирок эл көп бара турган жайларды — базарларды, соода борборлорун жана коомдук унааны көзөмөлдөө күчөтүлөөрүн айтты.
Эпидемиологиялык абал айрыкча Бишкекте, Чүйдө, Ош шаарында жана Ош областында оор.
Abal.kg



