Коом
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Иманов Талантбек Орускуловичке эскертүү берилди.



