Окуялар

Жолдо ойноп жүргөн 3 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Акыркы эки күндө Ош облусунда 3 жол кырсыгы катталды. 3 учурда тең жөө жүргүнчүлөрдү унаа сүзүп кеткен. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тастыктады.

28-июнь күнү Өзгөн шаарында «КамАЗ» жүк ташуучу унаасы 1978-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ошол эле күнү Ноокат районунун Куу-Майдан (мурдагы Кызыл-Аскер) айылында «Хонда Аккорд» унаасынын айдоочусу көчөдө ойноп жүргөн 3 жаштагы баланы сүзгөн.

Ал эми 29-июнь күнү Ноокат районунун Төөлөс айылында «Форд Транзит» унаасынын айдоочусу 9 жаштагы өспүрүмдү сүзгөн.

Жабырлануучулар түрдүү жарааттар менен ооруканага түшкөн. Кырсыктан эч ким каза болгон эмес. 3 кырсык тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button